Социалдык психологиялык кызматы
2010-жылдан бери көпчүлүк мектептердеатайын соц.педагог практика жүзүндө киргизилип иштеп келе жатышат. Соц.педагогдунишмердүүлүгү.Социалдык педагогдун кесиптик ишмердигинин мазмуну жана өзгөчөлүктөрү“Социалдык педагогика-бул социалдык чөйрөнүн тарбиялык таасирлери жөнүндөгү илим.”Социалдык педагогика негизинен түздөн-түзкөмөк алуучулардын таалим-тарбия маселелери менен алектенет. Мисалга алсак,социалдык педагог балдардын улуттук маданияттагы мыкты салттарга каныгып тарбияланышын, өспүрүмдүн жогорку билималууга жетишүүсүн, психикалык оорулуу кишилердин табигый коомдук турмушка кошулууга мүмкүнчүлүк берген бардык нерселерге ээ болушун да көздөп,инсанга педагогикалык таасир этет. Социалдык иш көмөк алуучунун анык социалдык маселеси менен алектенип,аны чечүүнүн жолдорун издейт, социалдык коргоону жана турмуштагы оручундуу маселелерди(турак-жай шарттарын түзүү,жөлөк пулдарды,женилдиктерди берүү ж.б)Социалдык-педагогикалык иштин эң негизги багыттарынынбири-оор кырдаалга кабылган баланын социалдык калыптанышы үчүн шарттарды түзүү жана ага жагымдуу, педагогикалык жактан максатка ылайыктуу социалдык чөйрөнү түзүү үчүн шарттарды камсыз кылуу. Баланын социалдык турмуш маселеси-социалдык педагогдун ишмердигинин башкы объектиси. Окуу жайларындагы мамлекеттин социалдык саясатын жүргүзүүчү катары,социалдык педагог кыйын кырдаалга кабылган балдар менен социалдык иш алып баруунун негизги багыттарын аныктайт. :➢турмуштук кыйын кырдаалга кабылган балдар➢ата-энелеринин камкордугунан ажырап калган балдар➢акыл-эс же тулку-бою жагынан өксүгү бар балдар➢кырдалдуу жана улут аралык чыр чатактардан,экологиялык жана техногендик аппаттардан,табигый кырсыктардан жабыркаган балдар.➢зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдар➢атайын окутуп тарбиялоочу мекемелерде же интернаттарда,кароосуз калган балдарды тарбиялоочу борбордо жашаган балдар➢жакыр үй-бүлөдө жашаган балдарСоц.педагогдунмаксаты:•Баланын статусун аныктоо;•Баланын өнүгүүсүнө жекече көнүл буруу;•Баланы көндүрүү оңдоо жана колдоо;•Баланын кызыкчылыгынын укуктарын коргоо;•Баланы жашоо мейкиндигинде коргоо,кам көрүү;Соц.педагогдун негизги багаттары:Мектептеги социалдык-педагогикалык ишмердиктин багыттары маселелерди анализдөөнүн негизинде аныкталат;✓социалдык-педагогикалык изилдөө✓баланын укуктарын коргоо✓социалдык-педагогикалык кеп-кеңеш берүү✓алдын алуу,түзөтүү жана калыбына келтирүү ж.б✓талдоочулук-диагносточулук✓прогноздоо(алдын ала айтуу)✓коррекциялык✓ортомчулук✓бала менен жекече сүйлөшүү,үй-шарты менен таанышууУюштуруу учуру➢Аңгеме,анкета, тестирлөө.
➢баланын документтерин анализдөө➢медициналык,психологиялык,педагогикалык жактан колдоо көрсөтүү➢байкоо,мактоо,өздүк делолорун түзүү,жакындан аңгемелешүү➢ишендирүүчү жыйынтык чыгаруу.Соц.педагогдун милдеттери1.Баланын жашоо-тиричилигиндеги орчундуу маселелерди чечүүдө бала менен үй-бүлөөнүн,мектептин коомдук чөйрөнүнүн,социалдык кызматтардын,ведомостволорун,укук коргоочу жана администрациалык органдардын ортосунда арачы болот да,анын кызыкчылыктарын жактайт;2. Балдардын жашоо шартын иликтөө үчүн социалдыксурамжылоо,диогноздоочу изилдөө жүргүзөт.3.Окуучулардын инсанынын психологиялык-медициналык-педагогикалык өзгөчөлүктөрүн,жашоо чөйрөсүн жана шарттарын иликтейт.4.Баланын жүрүм-турумуна байланышкан кыйынчылыктарды,чыр-чатактуу кырдаалдарды, жүрүм-турумдагы кемчиликтерди аныктоо максатында үй-бүлөөнү иликтейт.5.Ата-энелер менен балдардын мамилелерин жакшыртууга көмөктөшөт.Бейжай үй-бүлөдөгү балдардын баарлашуусу (коммуникативдик) көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөгө түзөт.6. Ата-энелердин педагогикалыкмаданиятын жогорулатууга, алардын ата-энелик милдеттерге аң сезимдүү мамиле жасашына көмөктөшөт, ошондой эле ата-энелери менен мамилеси начарлаган балдардын маселелерин чечүүгө жардам берет.7. Балдарды коргоо жана социалдык колдоо, өмүрүн жана ден-соолугун сактоо боюнча чараларды көрөт.8.Камкордукка жана тарбияга муктаж балдарга зарыл жардам берет.9.Жетим жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдардытурак-жай,пенсия менен камсыздоо боюнча көмөк көрсөтөт.10.Класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерге тартуу,балдар жана жаштар уюмдары,мекемелери,клубдары менен кызматташуу аркылуу балдардын бош убактысын уюштурууга көмөктөшөт.11.Балдар иштери боюнча комиссияга катышат.12.Зарыл болгондо,балдардын өздүк документтерин (туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн,паспортун)калыбына келтирүүго жардам берет.13.Төмөнкүдөй окуучуларга жардам көрсөтүү үчүн алардын эсебин жүргүзөт,мугалимдер,ата-энелер(алардын ордун баскан адамдар),атайын социалдык кызматтар, кайрымдуулук уюмдары менен кызматташат.✓жүрүм-туруму бузулган✓кыйын (опурталдуу) кырдаалга туш келген✓Камкордука жана тарбияга муктаж✓Өзгөчө муктаждыктары бар.Социалдык педагогэң негизги көңүл бурган опуртал топтората-энеледин ажырашуусуТүрдүү курактагы балдар ата-энелеринин ажырашуусунар кандай кабылдайт жана ага карата ар башкача жооп мамиле кылат. Мындай шарттагы жооп мамиленин эң кеңири таралган түрлөрү:✓ишмердик менен оюнду күчөтүү(пассивдүү абалын өзгөртүү үчүн)✓каардануу ✓чочулоо же коркуу✓ажырашуу үчүн өзүн жоопкер сезүү✓жалгыздык жана ата-энесине эки анжы берилүүлүк✓соматикалык (тулку-бойлук) белгилер✓сабакта жетишүүсүнүн төмөндөшү✓өздөшүүсүнүн (идентификация) бузулушуАта-эненин өлүмү✓Кооптонуучулук
✓Түнттүк, обочолонуу жана көнүл топтоо маселелери✓Кайгы, куса✓Күнөө✓КаардуулукАта-энелердин аракечтигиАтасы же энеси аракты көп ичсе,балдардын нерф психикалык өсүп жетилишине кедергеси тийет. Мындай балдардын акыл-эси жакшы өнүкпөй калат. Ата-энелердин кызыкчылык чөйрөсү тар болсо,балдары менен өтө эле аз баарлашса,алардын муктаждыктарына көнүл бурбаса, баланын аң-сезими, өнүмдүү акыл-эси ишмердигинин калыптандыруу үчүн зарыл алгачкы турмуштук тажрыйба жана жөнөкөй билимдерди алуу мүмкүнчүлүгү чектелет.Тулку-бою зомбулукка кабылган балдар✓запкылык стесстик жооп кылуу✓өтө зулумдук жана ойлонбой иш-аракет жасоочу жүрүм-туруму✓шекшимелик жана ишенбөөчүлүк✓чүнчүү жана өзүн-өзү бүлүндүрүүчү маанай✓адамдар менен мамиле кылуу чөйрөсүндөгү бузулуулар✓мектепке болгон кызыгуунун жоголушуКордоого жана кемсинтүүгө кабылган балдар(балдарга тоотпой мамиле кылуу зомбулуктун бир түрү катары каралат, ата-энелердин шалаакылыгы,балдардын кароосуз калышы)•Жерүү•Сезимдик жооп берүүдөн баш тартуу•Кемсинтүү•Обочолотуу•Эксплуатация кылуу (оор талаптарды коюу,алсыздыгын пайдалануу)Мектепте ар бир балага соц. карта түзүлѳт, анда туулган жылы, ата-энеси жѳнүндѳ маалымат, бир туугандары жѳнүндѳ, кыскача мүнѳздѳмѳ, келечектеги максаты жѳнүндѳ жазылат.Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын картотекасы түзүлүп, аларга кѳңүл бурулуп, жагымдуу маанай түзүлѳт.Класстардын соц. паспорттору түзүлүп, окуучулардын иштери жѳнүндѳ толукталып турат.Мектептин учетундагы окуучулар атайын класс жетекчинин сунушу менен профилактикалык кеңеште каралып, чечиминин негизенде алынат.Окуучулар менен жекече иш алып баруу, окуучунун өздук баракчасы, түнкү рейддерге чыгуу графиги, социалдык жактан муктаж жана ата-энесин алмаштырган окуучулардын үй шарты менен таанышуу актысы түзүлѳт. Квартал боюнча окуучулардымугалимдерге бөлүп,уюшулган дептерге окуучулар жөнүндө маалыматтар жазылып, окуучулар, ата-энелер жана мектепке жаңы келген окуучулар учун анкета толтурулат,ар бир окуучу менен жекече сүйлөшүлүп анонимдуу иш жүргүзүлүп турат.Мектептин профилактикалык кеңешинин жылдык планы түзүлүп, мүчѳлѳрү шайланат.Мүчѳлѳрү атайын окуучулардын коопсуздугу үчүн уюштурулган анонимдик кутучаны айына 2 жолу ачып маалымат алып турушат.Ачылган анонимдик кутуча үчүн атайын протокол түзүлѳт жана чыккан каттар менениш жүргүзүлѳт.