- Аты-жөнү (баланын жана арыз берүүчүнүн);
- Баланын жынысы;
- Баланын туулган күнү, айы, жылы (мындан ары — датасы);
- Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
- Жашаган жеринен алынган маалымадамага туура келген жашаган жеринин адреси;
- Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук адреси
Мектепке кабыл алуу жөнүндө
1-класска электрондук кабыл алуу
КРнын Өкмөтүнүн 19.06.2021-жылдагы №388 “Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому менен жалпы мугалимдер, ата-энелер тааныштырылган. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге биринчи класска электрондук каттоого, жалпы: 143/73, 1-орус класска 99/50 окуучу,1-кыргыз классына 44/23 окуучунун контингенти такталып дагы үйдөн жаңы окуй турган 6-7-жаштагы балдар катталып жаткандары маалымдалды. Окуучулардын мектепке келүүсүнө жана сабактарга катышуусуна, мектеп жетекчилери жана класс жетекчилери тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп келет. Мындан сырткары чейрек сайын өткөрүлгөн ата-энелер чогулушунда окуучулардын сабакка катышуусу боюнча талкуу жүргүзүлүп турат. Ар бир класс жетекчи мектеп жетекчилери менен биргеликте, окуучулардын так санын жана жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүшүп маалымат…«Мектепке электрондук жазылуу» проектиси – бул мектеп жашына жеткен (6-7жаш) балдардын Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарына биринчи класска жазылуу процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу маалыматтык система.«Мектепке электрондук жазылуу» системасын ишке ашыруу 6-7- жаштагы мектеп жашына жеткен баласын биринчи класска киргизүү үчүн mektep.edu.gov.kg Бирдиктүү электрондук реестринде каттоого КР ар бир жаранына мүмкүнчүлүк берет.«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштетилүүчү жеке маалыматтар«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын, арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн, КРнын жаранын жана чет жердик жарандын жеке маалыматтары иштетилет:





