A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

Сайтыбызга кош келиңиздер!

МЕНЮ

Маалыматтык китепкана кызматы

МААЛЫМАТТЫК — КИТЕПКАНА КЫЗМАТЫ

Китеп  — ой жүгүртүүнүн, пикир алышуунун, терен билим алуунун, эмгектин күчтүү куралы. Ал адамдардын руханий байлыгын көтөрүү менен бирге башка адамдардын турмушуна аралаштырат. Чыгармадагы каармандардын жакшы сапаттарын алууга тарбиялайт жана кайгы- капасын, оюн, умтулуусун түшүүнүгө жардам берүү менен жакшы жашоого жол көрсөтөт.

 

Фонддогу окуу китептеринин жалпы саны –2599 нуска

Адабий китептер –280 нуска

Методикалык китептер- 378 нуска

Окуу китептер -1941  нуска

Периодикалык чыгарылыштар – керектүү газета-журналдарга  жазылуу жүргүзүлгөн.

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы  билим берүү орто мектебинин окуучулары окуу китептери менен мектеп фондунан 66,07 %  камсыз болгон.    Жаңы китеп мекемесинен 392 нуска окуу китептер келген. Ал эми усулдук жана адабий китептерди мамлекет бир аз бергени болбосо, көпчүлүк адабий китептер демөөрчүлөр жана ата-энелер тарабынан сатылып алынат.

 

                                                                                                               

Китепканачы -Матиева Жылдыз, стаж  17 жыл,билими атайын орто.0.5 ставка.

Электрондук китепкана жок, бирок китепкана заманбап техникалар менен камсыздалган,алар: компьютер, принтер,

(ксерокөчүрмө А-4,А-3), интернет булагы.

Мугалимдер жана окуучулар интернет булактарын колдонуп керектүү материалдарды ала алышат.

Документтерди кабыл алуу жана бүткөн формага келтирүү өз убагында жүргүзүлөт. Бардык келген адабияттар китепкана фондусунун документтеринде катталган.

 

1-4 класстар үчүн китепканага тааныштыруу экскурсиясы жүргүзүлөт. Ал эми андан жогорку класстар китепканада күн сайын керектүү китептер менен тейленет.

 

Китепканага 1-11-класска чейинки  109 окуучу, 22 педагог жана мектеп кызматчылары жазылган. Орточо эсеп менен бир күндө китепканага 10-15 киши келет. Окуучулар китептерди реферат, билдирүү жазууга, ошондой эле көркөм адабиятты окууга алышат. Китепканачы тарабынан материалдарды тандоого, керектүү учурда сөздүктөр жана справочниктер менен колдонууга жардам көрсөтүлөт.

Китепкана байлыгы кылымдан кылымга, муундан муунга сакталат.

 

© 2026 - №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби