A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

Сайтыбызга кош келиңиздер!

МЕНЮ

Биздин мектеп

Мектептин тарыхы

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарыхы.

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү  орто мектеби Тогуз-Торо районунан 45 км алыстыкта жайгашып, дениз деңгээлинен 1980 метр бийиктикте турат. Тогуз-Торо районунун Кайыңды айылында 1936-жылы жети жылдык «Кайыңды »  баштооч мектеби  ачылган.   Ошол мезгилдерде «Кайыңды »колхозунан эки үй курулуп, 43 бала тарбияланышкан.1936-1937-жылдары  Ботоканов Үмөтаалы , 1939-1941-жылдары Акимбаев Жылтыр, 1942-1947-жылдары Минбаев Сейдалылар мектеп жетекчилигинде эмгектенишкен. 1946-1949-жылдары Ыдырыс Кадыркулов дене тарбия мугалими  болуп иштеген. 1947-1950-жылдары Турусбеков Иса,  1950-1953-жылдары Тумаков Момун, 1953-1955- жылдары Өмүралиев Абдрашит мектеп жетекчилери болуп  иштешкен. 1967-жылы 30 орундуу  «Кош-Булак »  мектеби болуп, мамлекет тарабынан ачылган. Окуучулардын сабатсыздыгын жоюу  үчүн , 1-4- класстар үчүн мектеп ачылган.  Ал учурдун мугалимдери:  Исакова Букеш , Садыралиев Мамбетмуса, Бусурманов Жаатбай.  Ал мезгилде 36 окуучу билим алышкан

1989-жылы ашар жолу менен жаны мектеп бүткөрүлгөн.1991-жылдын 31-январында райондук Советтин президиуму №5 Токтом менен  «Кош-Булак» орто мектебин Ыдырыс атындагы орто мектеби  деп атоо жөнүндө  чечим кабыл алынган. «Данк» орденинин толук кавалери, жылкычы  Ыдырыс Кадыркуловдун ысымы ыйгарылган.

Ыдырыс Кадыркулов 1917-жылы  Казарман айылында туулган. КПССтин мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Сержант. Сапердук батальондун отделение командири.

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Түштүк Батыш,  2 — Украин фронтторунда салгылашкан. Венгрияны бошотууга катышкан. Салгышуулардын жүрүшүндө  күжүрмөн тапшырмаларды өз убагында, тайманбастык менен аткарган каарман чалгынчы жана эн сонун мина койгуч болгон. Кызыл-Жылдыз, III, II даражадагы  Данк ордендери  «Эрдик үчүн » медалдары менен сыйланган. ЫЫдырыс Кадыркулов СССР Жогорку Советинин Президиумунун  1945-жылдын 28-апрелиндеги указы боюнча  I даражадагы «Данк » ордени менен сыйланат. Согуштан кайткандан кийин  колхоздун экономикасын которууго активдуу катышып, башкы бухгалтер, мугалим болуп эмгектенди.

1991-1995- жылдары толук орто мектеби болгон. 1989-1995-жылдары мектеп директору Шайнаев Бекташ,  Иманбердиев Болотбек  окуу болүмүнүн башчысы, Токобаева Элмира, Мекебаева Гулмира, Сагынаев Турусбек, Шейшеканова Суйумкан, Мамыралиев Таштанбек, Эгембердиева Таалай, Калбаев Аттокур, Султангазиева Тамара, Орозалиева Кулаим, Аккозов Кубанычбек деген мугалимдер эмгектенишкен. Эң жакшы көрсөткөн ийгиликтери үчүн Шайнаев Бекташ 1992-жылы «Жылдын мыкты директору » наамын алган.

1995-2001-жылдары Бекеева Токтобүбү  мектеп директору болуп, окуу бөлүм башчысы Мамыралиев Таштанбек иштеген.1995- 2000-жылдары окуучулардын саны аз болгондуктан 8 жылдык, 2000-жылдан баштап кайрадан 11 жылдык мектеп болгон.

2001-2005- жылдары  Мамыралиев Таштанбек мектеп директору, Орозалиева Кулаим окуу бөлүм башчысы болуп иштеген. Бул  жылдары мезгил талабына ылайык  окуу кабинеттерин түзүү иши жүргүзүлгөн.  2002-2004-жылдары окуу бөлүмүнүн башчысы Жээналиева Гүлүм, тарбия иштеринин уюштуруучусу болуп Калбаев  Аттокур  эмгектенген.

2005-2007-жылдары Алымбеков Эсенаман мектеп директору, 2006-2009-жылдары  Орозалиева Күлаим окуу бөлүмүнүн башчысы, Бакманова Айгүл тарбия иштеринин уюштуруучусу болуп эмгектенишкен.  Эмгек жамааты жылдан жылга кесипкой мугалимдер менен толукталып турган. Алар Сулайманов Рахман, Кыдыкова Роза, Сулайман уулу Кубанычбек, Аккозов Урматбек, Бакманова Айгул, Шергазиева Нарынкул, Кучкачов Айбек, Жакыпова Жылдызкан, Мамыралиева Гуля, Султаналиева Жаныл.

2009-жылы жеке ишкер Сатыбалдиев Тагайбектин демөөрчүлүгү менен 192 орундуу жаны мектеп толугу менен бүткөрүлүп, ишке берилген.

2007-2014-жылдары мектеп директору Мамыралиев Таштанбек, окуу бөлүмүнүн башчысы Жээналиева Гүлүм, тарбия иштеринин уюштуруучусу Ташполот кызы Гулгакылар иштешкен. 2009-2014-жылдары  Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки мамлекеттик идеологияга ылайык кайрадан класс-кабинеттери , залды жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн.

2014-жылдан бери мектеп директору Жээналиева Гүлүм Шайлообековна, окуу бөлүмүнүн башчысы Ташполот кызы Гүлгакы, 2014-2015-жылдары  тарбия иштеринин уюштуруучусу Азимбаева Бактыгүл Шабданбековна , 2015-2017- жылдары  Ботоканова Анаркүл Козубековна,208-2019-окуу жылында Таштанбек кызы Элиза, 2020-жылдан бери Мокеева Нургүл Дүйшалиевна  тарбия иштеринин уюштуруучусу болуп  иштеп келишет.

Мектеп ачылгандан бери  окуучу орто билимге ээ болгон жана алардын ичинен  бүтүрүү жогорку билимге, бутүрүүчү атайын орто билимге ээ болушкан.

Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн  ичинен «Артыкчылык аттестат» менен бүтүргөндөр:

-2005-2006-окуу жылында  Сулайман кызы Наргиза

-2006-2007- окуу жылында  Ботоканова Анаркул, Матиева Наргиза

Мектеп жамааты бир нече райондук денгээлдеги конкурстарга катышып, Ардак грамоталарга  ээ болушкан.

Ушул жылга чейин окуучуларга билим тарбия берген алдыңкы мугалимдердин ичинен райондук «Жыл мугалими » кароо-сынактарынан байгелуу орундарга жетишкендер бар. «Жыл мугалими-2007» Жээналиева Гулум II орун, «Санарип педагогика” сынак республикадан 3-орун, “Жылдын мыкты мугалими-2018” Ⅲ орунга ээ болгон

2022-2023 -окуу жылында 22 мугалим эмгектенип , 109 окуучу  билим алат.

Билим беруунун отличниги- 4 , МНОнун «Ардак грамотасынын» ээси-6 жогорку билимдуу-18 , атайын орто-4.

Мектептин алдына заманбап ашкана курулуп, балдар ысык тамак ичишет. Ошондой эле кичи футболдук аянтча курулган.

Мектеп директору:                               Г.Ш.Жээналиева

© 2026 - №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби