Жээналиева Гүлүм Шайлообековна
Мен Жээналиева Гүлүм Шайлообековна 1980-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. 1985-1986-жылдары «Алтын ачкыч» балдар бакчасында тарбияланган. 1986-жылы В.И.Ленин атындагы орто мектепке биринчи класска кабыл алынып, 1997-жылы 11-классты ийгиликтүү аяктады.
1997-1998-жылдары Бишкек шаарындагы №3 училищадан «секретарща-машинистка» адистигине ээ болгон. 2000-жылы Нарын Мамлекеттик Университетинин филология факультетине тапшырып, 2006-жылы » Кыргыз тили жана адабияты» мугалими адистигине ээ болот.
Ал 1999-жылы Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Кош-Булак айылындагы Ыдырыс Кадыркулов атындагы орто мектебинде алгачкы эмгек жолун баштайт. 2007-жылы Тогуз-Торо районунда өткөрүлгөн » Жылдын мыкты мугалим-2007″ сынагына катышып, 2-орунду ээлейт. 2002-2004-жылдары Ыдырыс орто мектебинде окуу бөлүм башчысы, 2004-2010-жылдары мектептин тарбия иштеринин уюштуруучусу, 2012-2014-жылдары окуу бөлүм башчысы болуп иштеген.
2014-жылдын 14-ноябрынан бери №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде мектеп директору болуп эмгектенет.
Жалпы эмгек жамааты менен биргеликте көптөгөн семинар, тренингдерди өтүп, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келишет.






