A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

Сайтыбызга кош келиңиздер!

МЕНЮ

2.Институтционалдык аккредитация

№12 Ыдырыс Кадыркулов  атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби.

Институционалдык аккредитация

1.Киришүү

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим  берүүчү орто мектеби Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районуна караштуу Тогуз-Торо айыл аймагынын Кош-Булак айылында жайгашкан. Мектеп 2007-жылы курулуш иши башталып, 2009-жылы бүткөрүлүп, жаңы имаратта окуу башталган. Мектеп бүгүнкү күндө төмөнкү укуктук-нормативдик документтин негизинде иш алып барат. Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин уставы жана Жалал-Абад областтык юистициялык башкармалыгынын кайра каттоосундагы күбөлүк №0063411 14-март 2023-жылдын 125543-3303 У-е каттоо номуру ИУЖК коду 20992736, ИНН 01510200310312 менен иш алып барат. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 05.08.2022-жылдагы №1529/1 буйругу менен 2022-2023 окуу жылы үчүн Базистик окуу планынын негизинде окуу жүргүзүлөт.

  • — имараттын саны жана жалпы мүнөздөмөлөрү. Окуу имараты- бир кабат, окуу кабинети 5, административдик кабинет-2,китепкана-1(интернет желесине кошулган), информатика кабинети-1 (интернет желесине кошулган), ашкана-1, 3 бөлмөдөн турат, тамак сактоочу жайы өзүнчө.Мектептин жалпы аянты:8190 метр куб. Кичи фудболдук аянты-1
  • -Комплектованиенин принциптери жана шарттары.Мектепте Кош-Булак айылынын балдары билим алышат.
  • -Мектеп администрациясы.Мектеп директору-Жээналиева Гүлүм Шайлообековна (0707159568) электрондук почта-gulumjeenalieva@gmail.com.
  •  Окуу бөлүмүнүн башчысы- Ташполот кызы Гүлгакы (0702305221).
  • Класстан тышкаркы уюштуруучу-Мокеева Нургүл Дүйшалиевна (0703922943).
  • Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Кош-Булак айылы, кайыңды көчөсү №12
  • -электронный дареги-ydyryskadyrkulov28@gmail.com.
  • -билим берүү уюмунун сайты-http://kadyrkulov.edu.kg

1. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ

1.1. Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички акттардын болушу

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби юридикалык мекеме болуп эсептелет.
Мектеп ишмердиктин жана тажрыйбанын мыкты жетишкендиктерин, педагогикалык кызматкерлердин жогорку кесиптик чеберчилигин жалпы педагогикалык технологиялардын негизинде билим сапатын жогорулатуунун үстүндө мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иш алып барат. Мектеп 2 (эки) сменада иш алып барат, 0-11-класстарында окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Сабактар базистик окуу пландын негизинде жүргүзүлөт. Регламентке ылайык сабактар 45 мүнөттөн жүргүзүлөт жана 5 мүнөттүк танапис. Сабак: саат 8.00 — 18.30 чейин жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында каникулдардын графиктери Кыргыз Республикасынын жалпы Билим берүү мекемелеринин базистик окуу планынын негизинде такталган.
Мектепте окуу- тарбия процесси КР Өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтомдорунун редакциялары менен бекитилген Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, КР «Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.

1.2. Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу

— Окуучуларга жекече мамиле кылуу менен билим сапатын көтөрүүгө жетишүү;
-Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, өз алдынсчалыгын кеңейтүү үчүн башкаруунун жана окутуунун интерактивдүү усулдарын колдонуу.
— Мектептин ичинде олимпиадаларды,предметтик таймаштарды өткөрүү менен окуучулар билимге болгон кызыгуусун арттыруу:
-Мектептин техникалык базасын чыңдоо;
-Мектептин көмөкчү чарбасы аркылуу 1-4-класстарынын тамак-ашынын сапатын жакшыртуу;
-Мектепте дене тарбия, АЧД сабактарынын берилишин жакшыртуу менен окуучулардын ден-соолугуна, патриоттук сезимдеринин калыптанышына кам көрүү:
-Кружоктук сабактарды,ийримдерди уюштуруу аркылуу окуучулардын шык жөндөмдөрүн ойготуу, коомдук иштерге активдүү катышууга үйрөтүү.
1. Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо:
-2020-2024- жылга чейин стратегиялык план түзүлгөн.
-Көмөкчү чарбасы уюшулган. Устав кайрадан жаңыланып түзүлгөн.

1.3. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын  түзүмдөрдүн болушу

Билим берүү уюмунда билим берүүнүн сапат менеджментинин документтештирилген системасынын жардамы менен билим берүү сапатын камсыздоо саясатын киргизүүгө жооп берүүчү жооптуу болуп мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары, усулдук бирикмелердин жетекчилери жана класс жетекчилер эсептелинет.
Билим берүү сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу максатында стратегиялык пландан ОТЖПга деталдашырылат жана анын негизинде мектептеги тиешелүү ички түрлѳрүн усулдук кеңеш,усулдук бирикмелердин иши пландалат.Мында билим берүүнүн сапатын кѳтѳрүү боюнча иш аракеттер конкреттешилет. Ал эми жооптуу адамдардын окуу бѳлүмүнүн башчысы усулдук бирикмелердин башчыларынын,тарбия иштери боюнча уюштуруучунун функционалдык милдеттеринде билим берүүнүн сапатын кѳтѳрүү боюнча иш аракеттердин ѳздѳрүнүн деңгээлдеринде предметтик, усулдук бирикме алкагында, мектептик деңгээлде аныкталып,анын негизинде мектептин окутуу тарбиялоо процесси ишке ашат.

1.Тиричилик коопсуздук.pdf

2.Түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө ЖОБО.pdf

1.4. Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)

Мектептин ишмердүүлүгү КРнын мыйзамдарынын, баланын укугу жөнүндө Конвенциянын, КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн указдары менен токтомдору, мектептин уставы, жалпы билим берүү мектеби жөнүндө жобо, кызматтык инструкциялар, буйруктар жана башка нормативдик-локалдык актылар аркылуу ишке ашат. КР Эмгек кодексинин негизинде ички эмгек тартиби түзүлгөн. Жумушка кабыл алууда ар бир кызматкер менен эмгек келишим түзүлөт. Келишимде укуктары, милдеттери жана этикалык нормалары сактоону о.э кошумча инструкциялар боюнча тааныштырылат. Мектепте кабыл алынган нормалар жана эрежелер окуу процессинин баардык катышуучуларына билдиргендиктен акыркы 5 жылдын ичинде мындай кырдаалдар пайда болгон жок, баары түшүнүү менен кабыл алынат.
Окуучулардын жүрүм-турум эрежелери мектептин уставында жазылган жана жыл сайын окуучуларга жана ата-энелерге билдирилер.Ата-энелер менен 3 тараптуу келишим түзүлөт. Мектепте «балдар жана өспүрүмдөр» арасында укук бузуу катталган жок.

1.5. Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу

Коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн көрсөткүчтөрүн баалоо үчүн мектепте өзүн-өзү баалоо системасы иштелип чыккан.
-Класстардын паспортун түзүү. Комплекстүү баалоону кабинетте иштеген мугалимдер жүргүзөт.
-Окуучулардын ысык тамак менен камсыздоо атайын комиссия менен (Жооптуу кызматкерлер, ата-эне) каралат.
Мектептин физикалык жана психологиялык коопсуздук деңгээлин соц педагог окуучулук комитет менен бирдикте иликтейт.
-Өзүн-өзү баалоо жылына бир жолу жүргүзүлөт. Анын натыйжалары аталган комиссия курамынын отурумдарында талкууланып, көйгөйлөр баса белгиленип чечилишине жараша ресурстар тартылат. Жыйынтыгы пед кеңешке сунушталат. Биздин мектепте мугалимдердин иштөө ыкмаларын ыңгайлуу жана коопсуз үйрөтүү шарттар түзүлгөн. Окуу кабинеттери тематикалык, предметтик, маалыматтык стенддер менен жабдылган.
Мектепте комплекстүү коопсуздук схемасы түзүлгѳн. Ал коопсуздуктун баардык түрлѳрүн камтыйт. Мектептин жарандык коргонуу паспорту иштелип чыккан.

1.6. Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу

Мектепте сапатту билим берүүгө ар кандай кызыктар тараптарды тартууга мүмкүндүк берген мамлекеттик башкаруу системасы бар. Камкорчу кеңеши- шайлануучу орган. Анын курамын жалпы ата-энелер чогулушунда шайланып бекитилет.
Профсоюз уюмуна — мектептин баардык мугалимдери, техникалык кызматкерлери кирет.
Мектеп парламенти- мектеп окуучуларынын өз алдынсча башкаруунун бир формасы.
Ата-энелер комитети менен тыгыз байланышта. Кылмыштуулукту алдын алуу жана окуу процессин жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн ата-энелер, окуучу менен бирдикте 3 тараптуу келишим түзүлөт. Келишимдин негизинде ар бир тараптын укугу корголот жана жоопкерчилиги жогорулайт. Коомчулуктун ѳкүлдѳрү,мугалимдер,ата-энелер,окуучулар мектептин пландоолоруна катышат.Ата-энелерден анонимдүү баалоо анкеталары алынып турат. Жогорудагы түзүмдөр көйгөйлөрдүн пайда болушуна өз убагында жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Аларды ыкчам чечүүгө кызыктар тараптарды тартат жана андан ары пландаштырууну өркүндөтөт.

1.7. Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу

Мектепте окутуу- тарбиялоо процесси билим берүүнү башкаруу системасынын маалымат базасынын негизинде жүргүзүлөт. «Жаңы китеп» 2019-жылы ишке кирип баштаган. Мектептин электрондук почтасы 2019- жылы ачылган. Интернет байланышы 2019-жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Кыргызтелеком компаниясы менен келишим түзүлүп иштеп баштаган. Билим берүүнү маалыматтык башкаруу системасы 2019-2020-жылы ишке киргизилген. Мектеп билим берүүнүн маалыматтык системасынын базасына буйрук менен жооптуу адамды бекиткен жана системалуу түрдө маалыматтарды топтоп берип турат.
Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы (ИСУО) бар дайыма толтурулуп турат.
Мектепте туруктуу жана алмашып туруучу стенддер.
веб-сайтта жана соц тармактарга жайгаштыруу WhatsApp ыкчам билдирүү, тексттик маалыматтар
Мектептин электрондук почтасы
ydyryskadyrkulov28@gmail.com.
Мектепте медиа бурчу уюшулган.
1. 1) Электрондук почта
https://ydyryskadyrkulov@gmail.com
2. 2)мектептин сайты
https://ydyryskadyrkulov.edu.kg/
Жыйынтык
Күчтүү жактары:
1. Мектептин миссиясын ишке ашырууга багытталган системалуу иштердин жүргөндүгү. Ата- энелер комитетин мектепке тартуу менен мектептин ишинин айкалышы. Демөөрчүлөр менен иштөө. Билим берүүнү башкаруу маалыматтык системасы менен ишти алып баруу.
2. Мектепте билим берүү сапатын башкаруунун эффективдүү системасы түзүлгөн. Таланттуу, зээндүү окуучулар менен тынымсыз иш алып барылат.
3. 2022-жылынын сентябрь айынан баштап PISA -2025ке даярдыктарды көрүү менен предметтик мугалимдер окуп, тест менен иштешүүдө
Алсыз жактары:
Ата-энелер тараптан балдардын билим алуусуна өтө кызыктар эмес. Айрым ата- энелердин билим сапатын көтөрүүгө таасирин тийгизбегендиги, мектеп менен байланышынын начарлашы. Ата-энеси мигрант болуп балдарын ата- энесине туугандарына таштап кетиши. Демөөрчүлөрдүн аздыгы . Жаш мугалимдерге жергилүктүү бийликтин колдоо көрсөтүүсүнүн аздыгы.
Сунуштар:
Мектепте ата-энелер мектебинин сапатын жакшыртуу. Ата-энелер жана коомчулук мектептин билим сапатын көтөрүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүп турса абдан чоң салым болмок.

2. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

2.1. Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

Мектепте мугалимдерди жана окучуучу-көмөкчү курамды жумушка кабыл алуу (жумуштан бошотуу).
КРнын Эмгек кодексинин беренелерине ылайык, мектептин Уставынын, мектептин профсоюздук комитети менен ачык айкын жана обьективдүү чен өлчөмдөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Кызматкерге жамааттык келишим, устав, ички эмгек тартиби, кызматтык нускамалар, эмгекти коргоо, коопсуздук эрежелерди сактоо, билим берүү мекемесине мүнөздүү иш кагаздар менен тааныштырылып, кол койдурулат.
Мектеп директору кызматкер менен эмгек келишимин түзгөн, эмгек келишимдин шарттары КР Эмгек кодексинин негизинде түзүлгөн..Пед кызматкердин өздүк делолоруна керектүү документтер салынган,квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттардын,сыйлыктардын көчүрмөлөрү,кенже тейлөө персоналдарынын өздүк делолору жана 63,65-беренелерге ылайык эмгек,медициналык китепчелери бар.Мектепте эмгек китептеринин кыймыл боюнча журнал бар.

2.2. Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү

2022-2023 окуу жылына штаттык расписаниеге ылайык камсыздалган жана билим берүү адистигиг тастыктаган тиешелүү педагогикалык билими бар дипломдуу, тажрыйбасы мол компетенттүүлүккө ээ кызматкерлер менен толукталган. Мугалимдердин жаш окутуучу — көмөкчү курамдын квалификациясы, билими жана тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан билим берилүүчү программага жана билим берүү процессинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Педагогикалык жамаатынын ар биринин квалификациясы жана билим берүү программасына шайкеш келет. Педагогикалык квалификацияларын жогорулатуу үчүн КАОнун курстарына баруу график аркылуу ишке ашат жана өз алдынча билимин көтөрүү үчүн ар кандай курстарга окушат. Акыркы 5 жылда дээрлик мугалимдердин 100% өз билимдерин өркүндөтүштү.

2.3. Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу.

КР «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарынын 30,32-беренелери, «Мугалимдин статусу жөнундөгү» 17,18- беренелери, «Балдар жөнүндөгү кодекси»4,5-беренелери,мектептин Уставынын негизинде билим берүү процессинин катышуучуларынын физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыздоо,өз ара мамилелерин баалоо иштери жургүзүлөт. Мектептин физикалык коопсуздугун жүргүзүүчү техникалык паспорт жана жер участогунун актысы болуп саналат.
Мектепте биргелешкен иш- аракеттеринин жана баарылашуунун жүрүшүндө бир нече мамилелер тутуму түзүлгөн. Биздин мектепте дайыма достук, биримдик, ынтымактык атмосферасы өкүм сүрөт. Бири-бири менен сый мамиледе. Мугалимдик психологиялык- моралдык мамилелер, кийинки педагогикалык ишмердүүлүгүнө, изденүүсүндө, татыктуу тарбия, билим берүүгө түрткү болот. Ар бир даталуу күндөрдө, иш -чараларга , акцияларга катышып байгелүү орундарга ээ болушат.

2.4. Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу.

Мектеп ичинде педагогдордун ишин баалоодо атайын иштелип чыккан көрсөткүчтөрдүн негизинде баа берилет. Индикаторлору;

1.Кесиптик чеберчилик деңгээли,чыгармачылык иштери

2.Класстагы окутуу-тарбиялоо ишин уюштуруу.

3.Предмети боюнча окуучулардын билим сапаты.

4.Мугалимдин кесиптик жагынан өнүгүүсү.

5. Жекече аткаруу тартиби.

6. Окуу жылы ичиндеги жетишкендиктери Окуу жылынын аягында ар бир кызматкердин эмгегине баа берилип,мониторинг жүргүзүлөт. педагогикалык кеңешмеде каралып сыйлыктар объективдүү берилип турат. Мектепте педагогдордун жана кенже кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө баа берилип моралдык жактан стимулдаштыруу, ыраазычылык каттарды, ар кандай деңгээлдеги сертификаттар ишенимдүү атмосфераны түзүү, кесипкөй карьералык өсүш системасы киргизилген.
Педагогикалык жамааты жана мектеп кызматкерлерин материалдык жактан кызыктыруу мектеп Уставында дагы жазылган.

1.Жылдын мыктылары критерийлер.pdf

2.Сунуш протокол.pdf

Жыйынтык

Күчтүү жактары:

Мектепте педагогикалык кадрлардан математикалык предметинен жетишсиз, калган кадрлар жетиштүү. PISA -2025
боюнча маалыматтар бар, 90% заман талабына ылайык техника менен иштей алышат. Мугалимдерди жумушка кабыл алууда биринчи кезекте атайын түзүлгөн комиссия тарабынан аңгемелешүү өткөрүлөт. Мугалимдердин ийгилиги окуу жылынын аягында ар кандай ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлөт. Мектепте ынтымакта биримдикте иштей ала турган жамаат бар. Ошондуктан кадрлардын келип кетүүсү, алмашуусу минималдуу пайыз. Бул болсо мектептеги жагымдуу психологиялык — физикалык климатты түзүү менен билим берүү уюмундагы коопсуз чөйрөнү жаратат.

Алсыз жактары:

Жаш мугалимге жергиликтүү бийликтерден эч жардам жоктугу. Мугалимдер жамаатында гендердик маселе же эркек мугалимдердин аз болушу. Психолог штатынын жоктугу.

Сунуштар:

Жаш мугалимдерге жергиликтүү бийликтер тарабынан көбүрөөк колдоо болуп турса.

3. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

3.1. Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу

1. Окуу имаратында окуу класстары 5, компьютердик класстар 1, администрациялык кабинеттер 2, китепкана 1, ашкана-1, 3 бөлмөдөн турат, тамак сактоочу жайы өзүнчө. Физика, химия предметтери үчүн лабораториялар жок.
Билим берүү министрлиги тарабынан проводной интернет туташтырылган. Интернет жана окуу предметтери боюнча электрондук билим берүү ресурстарын колдонууга кирүү мүмкунчүлүгү мектептин шартына жараша бар. Үй шартында окуу китептери жетишпеген окуучулар мобилдик телефондору аркылуу электрондук ресурстарды, китептерди колдоно алышат.
2. 2 проектор,1 интерактивдүү доска жана 3 класста телевизор бар. Мектептин кире беришине пандус коюлган.

3.2. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)

Окуу жылынын башында техникалык коопсуздук эрежелери,эмгекти коргоо, жолдо жүрүү эрежелери, санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышы боюнча инструктаж өткөрүлүп турат. Окуучуларга ай сайын жолдо жүрүү эрежелери, санитардык-гигиеналык эрежелер,коопсуздук эрежелери боюнча тарбиялык сааттар өтүлөт. Окуу жылынын башында мектепте коопсуздукту алдын алуу багытындагы буйруктар чыккан.
Өрт коопсуздугун алдын алуу максатында иш пландын негизинде иш алынып барылат. Коопсуздук эрежелери сакталган. Жаш куткаруучулар командасы түзүлгөн.
— Эвакуациялык план түзүлүп илинген.
— Мектеп айланасы жашылдандырылган.
— Мектептин окуу материалдык базасы (жарыктандырылган, өрт коопсуздугу, санитардык талаптарга толук жооп берет)
Экологиялык коопсуздукка карата мектептин айланасы жашылдандырылган иштери колго алынган.

3.3. Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу

Окуучулардын билим жана тарбия алууга талапка ылайык шарттар түзүлгөн. Мектептин имараты 1 корпустан турат. Баардык окуу бөлмөлөрүндө жаш өзгөчөлүгү боюнча класстык доска, китеп шкафтар менен камсыздалган. Мамлекеттик компоненттүүлүктү чыңдоо боюнча керектүү болгон окуу методикалык жана маалымат ресурстарын камсыз кылуу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги койгон талаптарга жооп берет. Өрт өчүрүү шаймандары, эвакуациялык пландар илинген.
Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
Материалдык- техникалык базаны жакшыртуу иштери менен билим берүү процессин өстүрүүгө багытталган иштер системалуу жүрүп турат. Материалдык- техникалык базаны жакшыртуу иштерин улантуу боюнча мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча жооптуулар отчёттор, анкеталар, сурамжылоолор аркылуу маалыматтарды топтоп мониторинг жүргүзүп турушат.

Жыйынтык

Күчтүү жактары:

Материалдык- техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртууга карата Стратегиялык өнүгүү планын болгондугу. .Жаңы мектептин долбоору түзүлүп,каржылоо чечими кабыл алынгандыгы.Мектепте окуу үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Санитардык талапка жооп берет.Техникалык, өрт коопсуздуктары боюнча өз убагында иштер жүргүзүлүп турат.

Алсыз жактары:

Мектепте актовый зал жана спорт залы жок. Интерактивдүү доскалардын окуучуларга жетишсиздиги, акылдуу доскалардын жоктугу. Лабораториялык класстардын жоктугу.

Сунуштар:

Мектепке психолог жана мед айым штаттары керек.

4. ФИНАНСЫ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУ

4.1. Финансылык пландоо системасынын болушу

Финансылык пландаштырууну уюштурууда мектептин функционалдык ишинин негизги максатына сапаттуу билим берүү кызматын көрсөтүү жана мектептин техникалык базасын чыңдоо керек.
Мектептин финансылык пландоо обьектилерине бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы финансылык ресурстар кирет, стратегиялык пландын негизинде иш жүргүзүлөт. Мектептин финансы жумуштарына көзөмөлчү кеңеш көзөмөлдөп турат.
Мектепте финансылык пландоо системасы 5 жылга түзүлгөн. Негизги муктаждыктар ата-энелер чогулушунда, директор алдындагы кеңешмеде, өзүн-өзү башкаруу уюмунда аныкталат. Ошонун негизинде суроо талаптары финансы уюмдарында каралат. Мектепте ата-энелер комитети уюштурулган.
1. Мектеп камкоорчулар кеңеши менен тыгыз иш алып барат.
2. Мамлекеттик эмес уюмдарга долбоор даярдоо -мектептин веб-сайтын ачуу — интерактивтүү доскалар, техникалык каражаттар менен класстарды камсыздоо

4.2. Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу

Мектепте камкорчу кеңеш түзүлгөн. Камкорчу кеңештин төрагасы ата-энелердин чогулушунда отчет берип турат. Ошондой эле мектептин айрым учурдагы муктаждыктарын чечүүдө колдоо көрсөтөт. Жергиликтүү бюджеттен утурумдук ремонтко, гигиеналык каражаттар жана күнүмдүк керектелүүчү каражаттарга жыл сайын акча каражаты бөлүнөт. 1-4-класстарынын окуучуларынын ысык тамагына башталгыч класстын ата-энелери балдардын витаминдүү тамак ичүүсү үчүн жер-жемиш эт жашылчалаларды алып келип беришет. Мектептин көмөкчү чарбасында 1 га жер бар. Ал жерде көп жылдык чөп айдалат. Быйыл 20 миң сом акча каражаты түшүп, аны мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого колдонулуп жатат. Демөөрчүлөр тарабынан мектептин залы, ар бир класс заман талабына ылайык жасалгаланып, бир класска телевизор, 1 ноутбук алынып берилди.

4.3. Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу

Көзөмөлчүлөр кеңешинин ишин жандантуу, демөөрчүлөрдү тартуу. Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу. Демөөрчүлөр, коомчулук, ата-энелер менен мектептин байланышын бекемдөөнү улантуу. Окуу жылынын башында стратегиялык ѳнүгүү планына коюлган милдеттерди аткаруу пландалууда.

1.мектептин өнүгүү планы.pdf

Жыйынтык

Күчтүү жактары:

Мектеп көмөкчү чарбасын иштетүү менен материалдык базаны чыңдай алды.

Алсыз жактары:

Камкорчу кеңешине мүчөлүк ыктыярдуу. Ошондуктан кеңештин мүчөлөрүнүн санына жараша келээрки жылы акчалай жардамдардын түшүүлөрүнүн көлөмүн болжолдоо мүмкүн эмес.

Сунуштар:

Камкорчулар кеңеиши, мектеп администрациясы, педагогикалык жамаат окуучулардын билим сапатын жогорулатууга, мектептин материалдык- техникалык базасын чыңдоого багытталган ата-энелер коомчулугуна түшүндүрүү иштерин
улантат.

 

© 2026 - №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби