A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

Сайтыбызга кош келиңиздер!

МЕНЮ

1.Программалык аккредитация

 Мектептин Күбөлүгү

Мектептин Уставы

Киришүү

  • №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим  берүүчү орто мектеби Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районуна караштуу Тогуз-Торо айыл аймагынын Кош-Булак айылында жайгашкан. Мектеп 2007-жылы курулуш иши башталып, 2009-жылы бүткөрүлүп, жаңы имаратта окуу башталган. Мектеп бүгүнкү күндө төмөнкү укуктук-нормативдик документтин негизинде иш алып барат. Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин уставы жана Жалал-Абад областтык юистициялык башкармалыгынын кайра каттоосундагы күбөлүк №0063411 14-март 2023-жылдын 125543-3303 У-е каттоо номуру ИУЖК коду 20992736, ИНН 01510200310312 менен иш алып барат. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 05.08.2022-жылдагы №1529/1 буйругу менен 2022-2023 окуу жылы үчүн Базистик окуу планынын негизинде окуу жүргүзүлөт.
  • — имараттын саны жана жалпы мүнөздөмөлөрү.
  • Окуу имараты- бир кабат, окуу кабинети 5, административдик кабинет-2,китепкана-1(интернет желесине кошулган), информатика кабинети-1 (интернет желесине кошулган), ашкана-1, 3 бөлмөдөн турат, тамак сактоочу жайы өзүнчө.
  • Мектептин жалпы аянты:8190 метр куб. Кичи фудболдук аянты-1
  • -Комплектованиенин принциптери жана шарттары.
  • Мектепте Кош-Булак айылынын балдары билим алышат.
  • -Мектеп администрациясы.
  • Мектеп директору-Жээналиева Гүлүм Шайлообековна (0707159568) электрондук почта-gulumjeenalieva@gmail.com.
  • Окуу бөлүмүнүн башчысы- Ташполот кызы Гүлгакы (0702305221).
  • Класстан тышкаркы уюштуруучу-Мокеева Нургүл Дүйшалиевна (0703922943).
  • Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Кош-Булак айылы, кайыңды көчөсү №12
  • -электронный дареги-ydyryskadyrkulov28@gmail.com.
  • -билим берүү уюмунун сайты-http://kadyrkulov.edu.kg

1. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

1.1. Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү

№12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин өз ишмердүүлүгүн КР билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылды 5-августундагы №1529/1 буйругу менен бекиткен. Базистик окуу планы мамлекеттик жана мектептик компоненттерге бөлүштүрүүнүн негизинде билим берүүнүн мазмунун калыптандырат, жана окуп жаткандардын кызыктар тараптардын талаптарын камсыз кылуу максатында иш жүргүзөт.
— 2022-2023-окуу жылынын Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашылган, иш -пландын жана Базистик окуу планынын негизинде иш алып барат.
— жалпы педагогдор менен 1-сентябрь 2022-жылдагы Педагогикалык кеңештин чечими менен Функционалдык милдет бөлүштүрүлүп иш жүрүүдө.
— мектеп компоненти ЖРТга даярдоо үчүн 10-класска географиядан 1 саат, 8-класска кыргыз адабиятынан 1 саат, 5-класска 1 саат информатикадан кошулуп, тереңдетилип окутулууда.
— даярдоо классы 480 саатык «Наристе » программасы менен окутулат.

1.2. Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү

Мектеп билим берүу программасын ишке ашыруу максатында баардык окуу- методикалык материалдар менен камсыз болгон
— окуу -методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрунө ылайык келет. Мектепте билим берүу программасын ишке ашыруу үчүн жетиштүү болгон окуу — методикалык материалдар менен камсыздалган.
— №12 ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби стратегиялык өнүгүүнү мурунку окуу жылынын анализин талдоонун натыйжасында артыкчылыктуу деген, аныкталган милдеттерди ишке ашырууга багытталган.
— билим берүүнун жаңы технолгоияларын колдонуу менен компотенттүүлүк мамиле аркылуу окуу процессинде дифференцияларын жана индивиддуулукту камсыздоо;
— педагогикалык жаны ыкмаларды, технологияларды колдонуу менен мугалимдердин методикалык деңгээлин жогорулатууга мотвациялоо жана ийиликке жеткирүү.
— зээндүү, жөндөмдүу окуучулар менен иштөөнү күчөтүү.
— алдынкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу.

1.3. Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушу

— Китепканадагы маалыматтык ресурстар толук, китепканадагы баардык предметтер боюнча китептер бар.
— окуу-усулдук материалдар: окуу куралдары , сабактар боюнча дидактикалык материалдар; маалымдамалар,энциклопедиялар, физика, химия маселелеринин жыйнагы, элетрондук окуу материалдары, баардык предметтер боюнча окуу куралдары, сабактар боюнча тесттер бар.
— №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн сапаттык толук камсыздоо аркылуу жана жогорулатуу максатында түзүлгөн «Жаңы китеп» долбоорун ишке ашырууга катышып келет.
Мектепте 109 окуучу окуйт. Мектепте айрым баскычтарда китеп жетишсиз. Мектеп администрациясы, класс жетекчилер ата-энелер менен сүйлөшүүнүн натыйжасында окуучуларга предметтер боюнча окуу китептерин ата-энелер ( мыйзамдуу өкүлдөр) сатып беришкен.

1. Китепкана фонду.pdf

1.4. Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу

Билим берүүнүн сапатына билим берүү программаларына мониторинг жүргүзүү окуучулардын билим жетишкендиктеринин билим берүу программаларына, мамлекеттик стандарттарга ж.б билим сапатына коюлган талаптарга шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлөт.
— мектепте билим берүу программаларын баалоонун төмөнкү механизми бар:
1. башталгыч мектеп:
— окуучулардын учурдагы натыйжаларын мурунку этаптагы жыйынтыктар менен салыштырууга жардам берген окуучулардын ишине кайтарым байланыш берген жазуу жүзүндө жана оозект отчеттор;
— билимдин натыйжалары катары таанып-билүү процесстеринин, мотивациясын, компотенттүүлүгүнүн өнүгүшүн оозеки баалоо;
— натыйжаларга жана инсандык өнугүүгө карата окуучулардын жетишкендиктерин жана ар бир окуу жылынын аягында жыйынтыктоочу бааны берүү;
— ар кандай баалоо ыкмаларын ( диагностикалык , формативдик , суммативдик) колдонуу;
— көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн окуу процессиндеги прогресс жана кыйыечылыктар жөнүндө ата-энелерге маалымат берүү.

Жыйынтык

1.Окуу планынын, билим берүү программаларынын мамлекеттик билим берүү стандарттары, предметтик матндарттардын талаптары менен дал келгендиги
2. Компьтердик класстын, мультимедиялык кабинеттин жана интернеттин болушу.
4. Мугалимдердин 90% да ноутбук бар
5. Инновациялык -технологиянын колдонулушу.
6. Мектепте 1 интерактивдүү доска менен сабак өтүлөт.
Алсыз жактары:
Айрым предметтер боюнча окуу программалары менен окуу китептеринин темалары, мазмундарынын дал келбегендиги. 7-класстарда музыка, көркөм өнөр, технология китептеринин жетишсиздиги. Башталгыч класстардын окуучулары үчүн кошумча адабий китептердин жетишсиздиги. Китепкан фондунда предметтер боюнча мугалимдер үчүн пособиелердин жетишсиздиги.
Сунуштар:
Окуучуларды кызыктырууда мугалимдер үчүн методикалык колдонмо көбүрөөк болсо. 7-класстарда музыка, көркөм өнөр, технология китептерин толук чыгарышса. Ошондой эле окуу китептеринин сапаттарына көңүл бурулса.

2. КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО

2.1. Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу

Сабакты пландоодо максаттары так, ченеле тургандай темага карата окуучунун позициясында коюлуп, ага кошумча критерийлери, окуучулар менен талкууланып, түзөөлөр киргизилип турат. Окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруу үч багытта каралат: окуу процессинде баланын турмушуна керектүү окуу материалдарын берүү, керектүү материалдарды издеп табууга үйрөтүү, баланы алган билимин турмушта пайдалана алгандай окутуунун гана үстүндө күнүмдүк сабактар өтүлөт. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктү түзүү сабактарда дайыма ишке ашырылып турат. М: маалыматты издөө, фрагменттерди салыштыруу, талдоо жүргүзүү, оюн айтуу, ой жүгүртүү, башка бирөөнүн оюн уга билүү,ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен чечим чыгаруу. Сабактын максатын окуучунун позициясында коюу менен сабактын мазмуну ачылып, колдонулган ыкмалар,баалоолор күтүлүүчү натыйжага алып келгендиги байкалат. Сабакты туура пландоо мамлекеттик стандарттардын талаптарына дал келет.

2.2. Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу

Педагогикалык жамаат 90% компьютер менен пайдаланат,
— сабактарды даярдоодо компьютер жана интернетти пайдаланышат.
— сабак учурундагы презентацияларды интерактивдүү доска, диапроектор, телевизорлорду пайдаланышат.
— сабактардын максатын SMART критерийлери менен коюу сунушталат.
— окуучулардын өз алдынча изденүүсүнө, анализ кылууга, интернеттеги маалыматты талкулоо үчүн мугалим тапшырма берет.
— мектепте мугалимдердин билимин көтөрүүгө шарттар түүлгөн, акы төлөнүүчү компьтердик сабатсыздыкты жоюу үчүн курстардан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушкан.
— 2022-2023- окуу жылынын сентябрь айынан баштап окуучуларды предметтик мугалимдер PISA 2025 стандарты боюнча окутушат, тесттер менен иштешет.
— чыгармачыл, тажрыйбалуу мугалимдер .үлгүлүү ачык сабактардын иштелмесин газета-журналдарга жайылтууда.
— мугалимдер ар кандай конкурстарга катышуу менен ийгиликтерди жаратышууда.

2.3. Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу

— Кыргыз Республикасынын жалпы мектептиик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык мектепте баалоонун максаттарына жетүү үчүн мугалимдер позитивдүү байланышты түзөт. окуучуларга азыркы натыйжалары менен мурдагы натыйжаларын салыштырууга жардам берет, шыктануусун таанып-билүү процесстерин өнүктүрүүгө окуу натыйжасв катары компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө оозеки баа берет.
— Натыйжаларга жетишүүгө жана инсандын өнүгүшүнө тиешелүү окуучунун прогресине көз салат жана ар бир жылынын аягында сыпаттоо баасын берет. Байланышты алуу процесси ар бир сабактын аягында ( рефлексия) жүрөт, анда алынган жаңы материалды талкулоо жана алардын сабактагы ишмердүүлүгүнө көз чаптыруу жүрөт. Ар бир бөлумдөн кийин билимди жазуу жүзүндө контролдоо жүргүзүлөт (тест, конролдук иш, жат жазуу, лабараториялык иш, практикалык иш)
Методикалык бирикмелердин чогулуштарында жана ачык сабактардан кийин пикир алмашуу, анализдөө жүргузүлөт.

1.Насаатчылык жөнүндө ЖОБО.pdf

2. Сабактарга анализ.pdf

3. Сабактын иштелмеси.pdf

2.4. Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу

4 — Билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында ар бир сабак боюнча мугалимдердин 2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана райондук усулдук бирикме жетекчилери тарабынан бекитилген календарлык пландардын негизинде иш алып барышат.
— сабака даярданууга сабак берген мугалим жаңы усулдук ыкмаларды камтыган күнумдүк планын тузөт жана окуу -тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ташполот кызы Гүлгаакы тарабына бекитилген.
— Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн пландын негизинде ар бир предмет боюнча семинарларга жана тренингдерге мугалимдер жамааты үзгүлтүксүз катышышат.
— Окуучуларга билим берүүнүн жетишилген натыйжаларын туура жана ачык -айкын камсыздоо үчүн чейрек боюнча мониторинг жүргүзүлүп маалымат тактасында илинет.

2.5. Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу

Баалоонун натыйжасын текшерүү жана чечүү үчүн мектепте апеллясия комиссиясы иш алып барат. Апеллясия комиссиясы: окуучулардын окуу активдүүлүгүн баалоонун критерийлерин обьективдүүлүккө жана бирдиктүү мамилеге негизделген.
5 баллдык баалоо менен жалпы дидактикалык критерийлер белгиленди:
мектеп баалоо критерийлерин белгилеген:
— Оозеки жооп;
— Жазуу жүзүндөгү өз алдынча жана контролдук иштер;
— Лабороториялык жана практикалык иштерди баалоо;
— Диктантаарды баалоонун ченемдери;
— Дилбаяндарды баалоо критерийлери;
— Окуучулардын билим денгээлине жараша «2», «3», «4», «5» деген баалар коюлат.

2.6. Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу

Билим берүүнүн процессин лицензияланган талаптарга ылайык келтирүү талаптар.
— Өрт коопсуздугун алдын алуу максатында атайын иш пландын негизинде
— Санитардык ченемдерди жана эрежелерди, коопсуздук талаптарын сактоо;
— Ден соолукка мониторинг жүргүзүүнүн жана коопсуздукту көзөмөлдөө тутуму;
— Мектеп окуучуларынын ден соолугун чындоо жана сактоо боюнча программанын болушу ;
— Жаракат алуунун, психоактивдүү заттарды колдонуунун, экстримизмдин жана суициддин алдын алуу боюнча иш тутуму;
— Сабакта жана сабактан кийинки ден соолукту сактоочу технологияларды колдонуу;
— Кирүүну көзөмөлдөө жана күнү-түнү нөөмөттү уюштуруу;
— Мектепте видеокөзөмөлдү колдонуу;
— Мектеп ашканасы баардык санитардык талаптарга шайкеш келет;
— Мектептин кире беришинде пандус орнотулган.

2.7. Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы

Мектептеги окуучулардын жөндөмдөрүнүн жана өнүгүшүнүн жана жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн, тарбиялоонун бүткүл мезгилинде аларды коштоп, жогорку мотвациясы бар балдарды издөөнүн жана колдонуунун кеңири тутумун куруу каралган. Мектепте таланттуу балдар менен иштөө планы иштелип чыккан., ушул планга ылайык, ар бир предметтик мугалим жогорку мотвациясы бар окуучулар менен иштөө планы менен жекече план боюнча иш алып барат. Окуу жылынын аягында жогорку мотвацияланган окуучулардын чыгармачылыгын стималдаштыруу үчүн, алардын көрсөткүчтөрүнө ылайык акчалай сыйлык алышат. Мотивациясы жогору окуучулар менен иштөө тутуму ийгиликтин топтогон упайлардын саны боюнча предметтик олимпиадалардын жыйынтыгы.

2.8. Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу

8 Жарандардын кайрылуу арыз даттануулары өзүнчө тиркелип убагында 14 күндүн ичинде жооптору берилет.
Мектепте кайрылуу жана арыздарына төмөнкү процедура кабыл алынган.
1. Кайрылуулар жана арыздануулар жазуу түрүндө конфликт комиссиясына берилет. Арызга конкреттүү фактылар укук бузуулар, кетирилген учурдагы каталар так көрсөтүлөт.
2. Арыз түшкөн күндөн баштап 5 күндүн ичинде комиссия карап чыгат.
3. 10 күн ичинде комиссия чечим чыгарат. Комиссиянын чечими боюнча протокол түзүлөт.
1. Жээналиева Г.- комиссиянын төрайымы
2. Каамытов М- комиссиянын мучөсү
3. Дайракун кызы Н- комиссиянын мүчөсү

» Ишеним почтасы» орнотулган, ал мектептин тарбия завучу аркылуу көзөмөлгө алынып турат.

Жыйынтык

9 1. Окуучуларды шыктандыруу иштери жакшы уюштурулган. ( предметтик олимпиада, конкурстардын көрсөткүчтөрү)
2. системалуу үзгултүксүз мониторинг жүргүзүү,
3. Окуучулардын спортко кызыгуусу,
4. Дем берүү системасы (моралдык, материалдык, окуучулар жана мугалимдер үчүн олимпиадалардын, конкурстардын жыйынтыктарына карата)
5. Окутуунун жаңы технологиясы катары программалык тестирлөө модул системасын интерактивдүү окутуу, сынчыл ойомду өстүрүү программасынын стратегиясы ж.б. акырындап жүзөгө ашырылууда.
6. Окуучулардын өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу.
7. компетенттүү окутуу боюнча администрация тарабынан өтүлгөн семинарлар.
8. Мектеп жогорку окуу жайларына өтүү үчүн керектүү билим менен камсыз кылат.
9.Мектептин өнүгүшүнө карата педагогикалык жамааттын активдүүлугүнүн жогорулашы.

Алсыз жактары:
Мугалимдердин 10% МКТны өздөштүрө албагандыгы. Мектепте толук кандуу видео көзөмөлдүгүн жоктугу. Социалдык проектилердин аздыгы. Мектепте телефизордун аздыгы. Ар бир класста проекторлордун жоктугу.
Сунуштар:

Заман талабына ылайык окутуу окуучулардын билим алуусуна шарттар түзүлсө

3. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

3.1. Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү

Кыргыз Республикасынын билим берүу мыйзамына ылайык жана эмгек кодексинин 55-беренесине ылайык педагогикалык билим алгандыгы жөнүндө диплому бар адистер кабыл алынат.
Мектептин мугалимдер жамааты квалификацияга жана билимге коюлган талаптарга ылайык толук курамда камсыздалган .
Мектепте жалпы 22 педагогикалык кызматкер эмгектенет. Дипломдуу адис- 16 мугалим, бакалавр- 2 мугалим, атайын орто-4 мугалим. Эркек мугалимдер -5, аялдар -17, ээлеген кызмат ордуна туура келет. 99%.
Сыйлыктар боюнча: 4 мугалим «Эл агартуунун отличниги», МНО-6, Жала-Абад усулдук борбордун Ардак грамотасы-7, Билим берүү кызматкерелеринин кесиптик областтык бирлигинин Ардак грамотасы-2, РМА-8, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы-12. Өз билимин өркүндөтүү үчүн онлайн, КБАдан курстардан өтүп турушат.

3.2. Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

Мектеп физикалык жана психолгиялык жактан коопсуздук чөйрөнү камсыз кылган. Процедуралардын механизмин иштетет.
Мектептин коопсуздугу төмөнкүлөр менен тастыкталат:
— Билим берүү прцессин лицензиялык талаптарга ылайык уюштуруу ;
— Санитардык нормалардын жана эрежелердин, коопсуздук талаптарынын сакталышы;
— Ден соолуктун абалын көзөмөлдөө жана мектептеги коопсуздукту көзөмөлдөө тутуму, балдарддын жана мугалимдердин ден соолугун чыңдоо жана сактоо программасы;
— жаракат алуунун, психоактивдүү заттарды колдонуунун, экстремизмдин жана суициддин алдын алуу боюнча иш тутуму;
— Сабакта жана сабактан кийинки ден соолукту сактоочу технологияларды колдонуу;
— Кирүүнү көзөмөлдөө жана күнү-түнү нөөмөттү уюштуруу;
— Мектепте видеокөзөмөлдү колдонуу;
— Пандусту колдонуу;
— Педагогикалык жамааты жана мектептин техникалык кызматкерлерин жыл сайын медициналык кароодон өткөрүү;
— Өндүрүмдүү эмгекке күн сайын позитивдүү мамиле

3.3. Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу

Мугалимдердин алдына коюлган тапшырмалар сабактын методикасын өркүндөтүү мугалимдин жардамына муктаж жана жөндөмдүү окуучулар менен жекече жана топтук иштөө аркылуу чечилет.
Мугалимдин диагностикалык иш-аракетинин негизинде окуучулардын билимин коррекциялоо, окуучулардын чыгармачыл жөндөмдөрүн жана табигый каалоолорун өркүндөтүү, ошондой эле мугалимдерди жаңы педагогикалык жана методикалык адабияттар менен тааныштыруу.
Методикалык иштерди пландаштырууда мектептин алдында турган маселелерди жана милдеттерди реалдуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берген формалар тандалып алынат. Методикалык иштин негизги формалары: педагогдор жыл сайын 80% өз билимдерин өздөштүрүшөт 2019-жылы окуу керемет долбоорунун алкагында 5 башталгыч классынын мугалими окуп сертификат алышты.

Жыйынтык

Мектепте бардык предметтер адистиктер менен берилиши, мугалимдердин жогорку билимдүү болушу жана предметтердин толук берилиши. Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнүн болушу. Алдын-алуу иштеринин системалуу жүрүшү. Мугалимдердин системалуу түрдө квалификациясын жана өз билимдерин жогорулатып туруусу. 2020-2021-окуу жылында мугалимдер кыска мөөнөттүү онлайн курстардан өтүп, биимдерин өркүндөтүштү. » Санарип мугалим» курсуна 6 мугалим катышты.

Алсыз жактары:
Айрым мугалимдердин курстарга көп катшыпагандыгы. Билимин замандын талабына ылайык өркүндөтпөгөндүгү.
Сунуштар:
Окутуу курстары оффлайн өткөрүлүп турса. М: «Энелер» мектеби, » PISA-2025″ олимпиадасы, ЖРТга даярдоо

4. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

4.1. Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу

Мектептин окуу имараты 1 — кабат. Окуу кабинети -5, административдик кабинет-2, китепкана -1, (интернет желесине кошулган) , ашкана -1. (3 бөлмөдөн турат, тамак сактоочу жайы өзүнчө). Мектепте 13 компьютер бар. Анын ичинен 7 компьютер иштейт, 3 компьютер иштебейт. Окуу кабинеттер 3 класста телефизор бар, бирок интернетке туташкан эмес. Мугалимдердин 15 ноутбуктары бар.
Мектептин жалпы аянты 8190 метр куб, кичи футбол аянтчасы -1. Мектептин материалдык базасын жакшыртуу, көйгөйлөрдү чечүү максатында стратегиялык план менен иштер жүргүзүлөт.

4.2. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)

Мүмкүнчүлүккө жараша мектептин оку-тарбия процессинин журушундө шарттар түзулгөн. жана техникалык коопсуздуктун эрежелерин сактоо менен талаптарына ылайык иш алып барылат. КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтомунун » Жалпы билим берүү уюмдарында окутууну уюштуруу жана санитардык эпидемиологиялык шарт түзүу талаптары» Токтомунун санитардык -эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу максатында окуучулардын ден соолуктарын сактоого багытталган жана окуу имаратынын жайгашуусу, жабдылышы, жылуулук режими, жарыктандыруусу, суу менен камсыз кылуу, билим берүү процессинин режими, окуучуларды жана мектептин кызматкерелерин медициналык кароодон өткөрүү, мектептин санитардык абалы жана аларды күтүү, башталгыч класстардын тамактанууну уюштуруу боюнча иштер жүрүп турат. Өрткө коргонуучу шаймандар бар. Техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча кызматкерлерге жана окуучуларга инструктаж өтүп түрат, кол коюлат.

4.3. Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу

Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу иштери менен билим берүү процессин өстүрүүгө багытталган системалуу иштер жүрүп турат. — Мектепте видео-көзөмөл орнотулган.
— Мектепкет 1 интернетке кошулган компьтердик класс бар.
— Интерактивдүү доска -1.
— Түстүү принтер 2 даана.
— проектордон -1 даана.
— 2 пандус орнотулган .
— Кичи футбол аянтчасы бар.
— Ашкана толук заман талабына ылайык шарттар түзүлүп 1-4-класстын окуучуларына тамактар берилет.
— Мугалимдер дээрлик 90% ноутбук менен камсыз болушкан.
Инвентаризациялоо боюнча актылар жүргүзүлүп, мектеп буюмдарынын сакталышы системалуу түрдө көзомолдөнүп турат.

Жыйынтык

Материалдык-техникалык база жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу иштеринин системалуу жүрүшү. мугалимдердин өздүк ноутбугу болгону. Экологиялык коопсуздуктун, техникалык, өрт коопсуздугунун, башталгыч класстарында тамактанууну туура жүргөндүгү. Коопсуздукту алдын алуу планынын структуралар менен биргелешип түзуп иш алып баргандыгы. Стратегиялык пландын болгондугу. Демөөрчүлөр менен иш алып барылгандыгы. Көзөмөлчү кеңештин уюштуруп иш алып баруусу.

Алсыз жактары:
-Лабороториялык кабинеттин, спорт залдын, акылдуу панел, интерактивдүу досканын, физика, химия сабактарынан лабороториялык приборлордун, класстарда интернет булактарынын жетишсиздиги. Энергияны үнөмдөө (лампалар) , санитардык гигиеналык ченем, талаптардын аткарылбагандыгынын толук талапка жооп бербөөсү.
Сунуштар:
Техникалык жана өрт коопсуздугун сактоодо окутуулар атайын адистер тарабынан практика жүзүндө көбүрөөк ишке ашыруу колго алынуу үчүн атайын кабинеттер уюштурулса. Мектептин билим сапатын көтөрүү үчүн лабораториялык кабинеттер болсо.

 

© 2026 - №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби